Корпоративдик маданият

Бизнес ассоциация JIA- бул ишкерлер үчүн Ассоциациянын Миссия жана принциптерине ылайык иштелип чыккан аянтча. JIA аткаруучу тобу ал платформаны иштеп чыгууну жана кеңейтүүнү JIA аянтчасын өнүктүрүүнү көздөйт.

JIA аныктамасы (түшүнүгү)

Жаратмандар - JIA резиденттери. Ишкерлер Кыргызстандын креативдүү, изденген жана чыгармачыл адамдары деп эсептейбиз. Биз ишкерлердин өз ордун жана коомду кабыл алуудагы ишкердиктин ордун аныктоосу үчүн бул аталышты киргиздик.

Бизнес-караван - Соода алакаларын жеңилдетүү максатында аймактардагы ишкерлер менен соода өкүлдөрү жана дистрибьютерлери менен түз жолугушууларды уюштуруу.

Бизнес-кэмп - ЖИАнын резиденттерин формалдуу жана формалдуу эмес шарттарда, жаратылышта окутуу максатында, JIA резиденттеринин ортосундагы мамилелерди жакшыртуу үчүн баарлашуу максатында лагерлер уюштурулду.

Бизнес-шерине - жаратмандарды бири-бири менен расмий эмес тааныштыруу максатында уюштурулуп турган иш-чара.

Зыярат - байланышуу максатында резиденттердин ишканаларына барып келүү.

Аарылар - пчёлы. Аарылар менен чымындарды салыштыруу негизинен алынган, Жаратмандарга байланыштуу салыштыруу мүнөздөмөсү.

JIA мүчөлөрүнүн маданияты

Ырыс алды ынтымак
Качандыр акылман карыя болуп, анын тогуз уулу бар экен. Бирок балдары атасы айткан акылды укпайт, абдан ынтымаксыз болушат.
Бирдиги жок тогуз баланы бөлөк кишилер уруп кетет, атасы балдарынын кылыгы жөнүндө терең ойго түшөт. Эч айла болбогон соң, чал өзү тоого барды да, үйүнө чоң тутам табылганы көтөрүп келип, балдарын чогултуп алды:
Кана балдарым, күчүңөрдү сынап көрөйүн, мына бул табылганы тобу менен сындыргыла, деди.Тогуз уулдун ар бири кезектешип күчүн сынады. Бооланган тобулгуну эч кимиси сындыра албай, акыры шалдайып туруп калышты Карыя тобулгунун боосун чечип: Эми бирден сындырып көргүлө, деди. Балдары табылганы ошол замат чарт-чурт бөлүп:
«Мына, сындырдык!» деп мактанышты. Абышка балдарын отургузуп алып, нускалуу сөз баштады: Мен силердин келечегиңерди ойлоп капа болом. Душманыңар көп, эгер ыркыңар жок болсо, душман силерди жанагы жалгыз тобулгудай барчабурч сындырып коёт. Ал эми бооланган тобулгудай бирдиктүү болсоңор, сындырмак түгүл, силерди эч ким майтара албайт. Менин айтарым ушул, деди карыя.
Жеңишке жетүү үчүн бизге дагы күч керек.Биздин күчүбүз биздин биримдикте!
Жеңүү үчүн бизге дагы күч керек, бул күч – биздин ортобуздагы биримдик!Уламыштын маанисин түшүнүү менен, Жаратмандар согуш талаасындагы жалгыз жоокер «жоокер» эместигин жакшы түшүнүшөт, а өнүгүү үчүн көптөн-көп «айлана» жардам берет, бул «айлананы» JIA түзүп берет:• Жеке да, ишкананын да дайым өнүгүүдө болуусу;• Бизнес-маалыматтар жана бизнес-ыкмалары менен бөлүшүү;• Креативдүүлүк жана жаратмандык;• Өзүн-өзү өнүктүрүү жана пикирлештерге болгон жардам;• Мамлекетти өнүктүрүүгө болгон каалоонун жогору болуусу жана өздүк салымдын көбөйүүсү;

JIAнын тарыхы

2000-жылдардын башында Кыргызстандын чет мамлекеттерде билим алып келген жаштары, өз мекенине кайтып келип, ал жакта алган билимин жеке иштерин баштап, аны өнүктүрүүгө колдонуп башташкан. Ал убакытта жеке ишкерлердин иштерин жана продуктыларын өнүктүрүү жолдору көп болгон эмес же социалдык тармактар дагы азыркыдай денгээлге чыга элек болчу. Жеке ишкерлер биргеликте өнүгүүгө, алган билимин жана маалыматтарды бөлүшүүгө муктаж болушкан. Алар өз ишкердигин жана мамлекетти өнүктүрүү үчүн аракет кылып жатышкан, бирок ошону менен бирге “биригүү” керектигин түшүнүшкөн.

JIAнын жетишкендиктери::

• JIA түзүлгөндөн баштап туруктуу өсүү;
• 1000ден ашуун ишкерлер үчүн платформа түзүлгөн;
• Бизнес ассоциация JIA КРнын бардык региондорунда жана кээ бир эл аралык офистерде өкүлдөрү менен иштешүүдө;
• JIA Орто Азиядагы эн чоң масштабтагы Бишкек Инвестициялы форумун уюштуруп келет;
• JIA Дүйнө жүзүндө ассоциацияларды бириктирип келген, Эл аралык жумуш берүүчүлөр уюмунун (IOE) Кыргызстандын атынан расмий жалгыз мүчөсү;
• Баткен, Жалал-Абад, Талас, Каракол, Ош облустарында Ишкердикти колдоо борборлору ишкерлерге консультация берүүдө;
• Ар жылы JIA ишкердикти өнүктүрүү , ишкерлердин сатуу жана экспорт ж.б. багыттарда кызматташуусу, бизнес-окуулар, жеке жана компаниянын өнүгүүсү үчүн 1000ден ашуун чоң масштабтагы, орто жана чакан ивент, жолугушууларды өткөрүп, демилгелерди көтөрү келет;
• Көп сандаган аял-резиденттердин биригүүсү жана алардын санын 1000ден ашуусуна аракет кылуудабыз

Ийгиликтүү ишкер – өнүккөн өлкө!

JIAнын миссиясы

Кыргыз Республикасынын жигердүү өнүгүүсү үчүн ишкерлердин инноациялык социалдык-жоопкерчиликтүү жана ачык коомчулугун өнүктүрүү.

Миссиянын толук түшүндүрмөсү:

• Уюм болуп биригүү жана күчтүү пикирлердин коомчулугун түзүү менен биз: ишкерлердин мамлекетке кошкон салымын жогорулатуу үчүн шарт түзөбүз, ошондой эле Кыргызстандын экономикасындагы социалдык өнөктөштөрдүн өз ара мамилесин жакшыртабыз;
• Инновация – бул ийгиликтүү бизнес ачуунун очогу, прогресстин кыймылдаткычы жана адамзаттын өнүгүүсү болуп саналат. Биз ишкерлердин инновациялык жол менен өнүгүүсүнө салым кошуудабыз;
• Кыргызстандагы ар бир бизнес коомдо социалдык жооптуу болуусу зарыл жана JIA резиденти ушул көз караштын бөлүгү болуп эсептелет. Биз JIA жана өнөктөш организациялардын алкагында ар кандай багыттагы социалдык жоопкерчиликти колдойбуз;
• Лидер жана прогрессивдүү уюм катары мисал болуу менен бирге, биз ачык жана айкын коомчулук түзүп жатабыз.
Кыргызстандын өнүгүүсүнө биз ишкерлердин өнүгүүсү менен салым кошуудабыз. JIAнын ар бир Жаратманы өзүн өнүктүрүүгө жана башкалардын өнүгүүсүнө жардам берүүсүн демилгелейт.

Келечектеги элестетүү (Vision)

Ар бир үй-бүлөдө бирден жашыл экспортер. Биздин максатыбыз - социалдык жоопкерчиликтүү бизнес жүргүзгөн жана өзүнүн рыногун Кыргызстандын чегинен тышкары ийгиликтүү жайылткан, ар бир үй-бүлөдө бирден Жаратман (ишкер)

JIAнын өнүгүү принциптери

1. Эл аралык өнүгүү. JIA экспорттун өнүгүшүн, импортту жакшыртуу жана рыноктун кеңейишин, ишкердиктин өнүгүүсү үчүн көптөгөн иш аракеттерди жүргүзүп келет. Алар: эл аралык уюмдар менен байланышты чындоо, ошондой эле өнүккөн өлкөлөрдүн ишканаларына иш сапарларды уюштуруу багытын артыкчылык катары активдүү иш алып барууда.
2. Ассоциациянын көзкарандысыздыгы
JIA түптөлгөндөн бери каржылык жактан көзкарандысыз уюм болуп саналат жана ага JIA жаратмандарынын салымдары (мүчөлүк акы) аркылуу туруктуулукту сактап келет.
3. JIA башкаруусуна жаратмандардын катышуусу ассоциациянын өнүгүүсү үчүн өзгөчө маанигэ ээ. Бул ассоциациянын ички байланышын жана мүмкүнчүлүктөрүн ачканга шарт түзөт.
4. JIA ишмердүүлүгүнүн көп тармактуулугу
Кыргыз коомунда JIAнын курамындагы жаратмандар жашыл ишкер (экологияга кам көргөн) бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катары сыпатталат. JIA бул өзгөчөлүктү баалуулук катары карайт жана сактап калууга умтулат.
5. Региондорду өнүктүрүү
Региондогу ишкерлердин көбөйүүсү жана ишкердиктин өнүгүүсү JIA тарабынан колдоого алынган. Региондордогу ишкердүүлүктүн өнүгүүсүнө JIA жаратмандары колдоо көрсөтөт жана аны JIA миссиясы катары кабыл алат.
6. Жаратмандын өнүгүүсү
Ассоциация курамындагы компаниялардын өнүгүүсү үчүн жаратмандардын өздүк өнүгүүсүнө кам көрүү менен салым кошот
7. Күчтүү аткаруучу команда.
JIA кызматкерлеринин жана команданын өнүгүүсү ассоциациянын өнүгүү жолундагы шам болуп эсептелет. Бул багытта ассоциация жыл сайын өнүгүү багытты аныктап анын үстүндө иш алып барат.

JIAга кошулуп жатып ассоциация резиденти JIAнын
ЖАРАТМАН Кодекси боюнча макулдугун берет

JIA – бул ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн платформасы жана мен дагы бул мүмкүнчүлүктөрдүн булагы экенимди кабыл алам.
Биз 'Чымындар' эмес 'Аарылар' көп болгон коомчулук түзүүнү каалайбыз. “Аары” философиясы – бул эң жакшысын топтоп, аны бир нече эсе көбөйткөн чыныгы Жаратман философиясы болуп эсептелет. JIAнын резиденттеринин табияты дагы аарылардай эң жакшысын чогултуп, аны көбөйтүп жана өзү сыяктуу ишкерлер менен биригип, чогуу өсүү.
Мен JIAнын миссиясы менен бөлүшөмүн жана анын позициясын, принциптерин түшүнөм. Ошол себептүү өзүмдүн жана башкалардын өнүгүүсүнө жардам берүүгө аракет кыламын.
Мен JIA бизнес ассоциациясынын натыйжасы менин ишкердик кызыкчылыгымдан менин жасаган ишимден жана JIA процесстерине катышуумдан көз каранды экендигин түшүнөм.
Мен JIA Жаратман Кодексине макулдугумду билдирем.

JIA ЖАРАТМАН Кодекси

1. Мен JIA уюштурган иш-чараларына активдүү катышам жана JIA нын ишинин ар кайсы тармагына демилге көрсөтөм.
2. Мен JIA резиденти катары айлык төлөмдөрдү убагында төлөймүн жана башка милдеттенмелерди аткарууга жоопкерчилик аламын.
3. Мен JIA резиденттери тарабынан кайрылгандар жана аткаруучу команда тарабынан кайрылган суроолор боюнча өз позициямды ачык жана так түшүндүрөм.
4. Мен өз компаниямдын өсүүсү үчүн бүт күчүмдү жумшаймын жана тажрыйбаларым менен JIA резиденттери менен да бөлүшөмүн.
5. Мен JIA репутациясына жана ага болчу терс көз караштардын болбоосуна кам көрөмүн.
6. Мен JIA башкаруусуна жана аткаруучу командага ишенемин жана менин багытыма тиешелүү суроолор боюнча көмөк көрсөтөм.
7. Мен шамдагай жана ден соолугумдун чын болуусуна аракет кыламын. Ар тараптуу: жеке, моралдык жана руханий өнүгүүгө кам көрөм.
8. Мен инновациялар үчүн ачыкмын, дайыма эффективдүү бизнес чечимдерин издеп аны өз багытымда колдонууга аракет кылам.
9. Мен чечимдеримдин экологиялык болуусуна жана кылган ар бир кыймыл-аракет, иштетилген технологияга маани берем. Кыргызстандын жаратылышын жана экологиясын баалайм жана аны сактап калуу үчүн колдон келген баарын жасайм.
10. Мен Ассоциацияны жана JIA резиденттерин өзүмдүн саясий кызыкчылыктарымда колдонбоймун деп убада берем.