2023-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин отуруму болуп өттү

Юстиция министри Аяз Баетов жана министрликтин башка кызматкерлери төмөндөгүлөр боюнча иш-чаралар менен тааныштырышты.

- мыйзамдарды бюрократизациялоо;
- тиешелүү мамлекеттик кызматтарды жеке секторго өткөрүп берүү;
- юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндө реформа жүргүзүү;
- нотариалдык иш-аракеттерди жана соттук-медициналык иштерди аутсорсингге берүү.

ЖИАнын укуктук кеңешчиси төмөндөгүлөр боюнча сунуштарды берди:
- нотариалдык аракеттерди санариптештирүүнү өркүндөтүү;
- чарбакер субъекттерди каттоо жана жоюу процесстерин жөнөкөйлөтүү;
- жеке сот аткаруучулар институтун киргизүүнүн артыкчылыктары, анткени көптөгөн ишкерлер жана жарандар сот чечимдеринин реалдуу аткарылышына жетише алышпайт.