2-июнь күнү JIAнын "Жашыл экономика" боюнча комитетинин мүчөлөрү Бишкек шаарынын вице-мэри Шамыралиев Жыргалбек менен жолугушту

Жолугушуда вице-мэр мэрия экологиялык демилгелерге басым жасап жатканын билдирди

Мисалы:
Жылуулук насосторун орнотуу;
Шаардын мектептеринде күн коллекторлору;
Электр унаалары жана электр самокаттары үчүн жеткиликтүү инфраструктура;
Шаардын жолдорун жашыл экономика принциптерине ылайык асфальттоо;
Аэропорттон шаарга чейинки жолго сэндвич-панельдерди орнотуу ж.б.

Шамыралиев Жыргалбек мэрия жашыл экономика принциптери боюнча сунуштарга жана долбоорлорго даяр экенин белгиледи.