20-апрель күнү Бишкекте биринчи жолу «Green Waste EXPO» форуму өттү


Форум төмөнкү темаларды камтыды:
Калдыктарды башкаруу боюнча бизнес-идеялар жана биргелешкен демилгелер;
Калдыктарды башкаруу секторун туруктуу өнүктүрүү;
Катуу калдыктар сектору үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөр.

Форумдун алкагында көргөзмө уюштурулуп,анда иш-каналар өз продукциясын же кызматын көрсөтүштү.
Иш-чарага ишкерлер, эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар жана 300дөн ашык катышуучулар катышты.

Бул иш-чара JIA бизнес-ассоциациясы жана Кыргызстандагы Accelerate Prosperity инвестициялык бизнес акселератору тарабынан AP ASIA долбоорунун алкагында Европа Биримдиги жана Ага Хан Фонду уюштуруп, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.