2023-жылдын 28-сентябрь күнү Жашыл Каржылоо боюнча ачык жыйын болуп өттү

Иш чараны JIA ассоциациянын экономика комитетинин-торагасы Кубанычбек Алимов жана АКШнын элчилиси Лесли Вигери ачты жана Айнура Усенбекова - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары.

Иш-чаранын башкы спикери – Ричард Кауфман, Нью-Йорк штатынын энергетикалык изилдөө жана өнүктүрүү башкармалыгынын төрагасы, ошондой эле Generate Capital`дын төрагасы. Ал Нью-Йорк штатынын жашыл каржылоо, айрыкча кайра жаралуучу энергия тармагындагы тажрыйбалары менен бөлүштү.

Өлкөдө жашыл экономиканы илгерилетүү процессине бизнес-коомчулуктун катышуусу жыл сайын күч алууда жана бул маанилүү багытта жеке сектордун активдүү позициясы көрүнүп турат, бул Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылат.
Кыргызстандын жеке секторунун жашыл каржылоо боюнча ачык жыйыны JIA бизнес-ассоциациясы жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги тарабынан уюштурулду.