Европага иш-сапар

18-январда JIAнын ишкерлери Германия Федеративдик Республикасына (ГФР) келип, Европа боюнча иш сапарынын жаңы барагын ачты

Биринчи күндүн алкагында делегация Кыргыз Республикасынын Берлиндеги Элчилигине барып, элчи мырза Ө. Текебаев менен жолугушту. Элчилик тарабынан аткарылып жаткан иштер, ишкерлер үчүн Германиянын мүмкүнчүлүктөрү жана эки өлкөнүн соода-экономикалык абалы тууралуу маалымат менен таанышышты. Андан сырткары Элчилик тарабынан уюштурулган программанын алкагында ишкерлер немис парламенти Рейхстагда болушту.
Ошондой эле JIAнын Украина, Польша жана Германия өлкөлөрүндөгү өкүлү Азамат Исмаилов менен жолугушуп, Европанын ишкердик мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышты.

19-январда ишкерлер Берлинде өтүүчү “Green Week 2024” эл аралык көргөзмөсүнө катышты. Бул масштабдуу иш-чаранын алкагында JIA өкүлдөрү айыл чарба, тамак-аш өнөр жайындагы жаңы тенденцияларды изилдеп, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.
.