Монголияга иш-чапар

JIA бизнес ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлиги менен биргеликте ишкерлерди 4-7 декабрь күндөрү Монголияга иш-сапарга алып барышты.

Сапардын өзгөчөлүгү - Монголияда Кыргыз Республикасынын туризмин жайылтуу, эки өлкөнүн туристтик бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда байланыштарды түзүү жана ишкердик байланыштарды жакшыртуу, ошондой эле роуд-шоу жана бир күндүк иш-чара уюштурулду.