“Бизнести агартуу кербени”

29-март күнү ишкерлерге маалыматтык колдоо көрсөтүү максатында “Бизнести агартуу кербени” болуп өттү.

Иш-чараны JIA актаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу, КР ЭКМ министрдин орун басары А.Усенбекова жана КР МСК төрагасынын орун басары Алиеев Бекболот ачышты.

Долбоордун алкагында 2024-жылдын 28-февралынан 29-мартына чейин Кыргызстандын бардык облус борборлорунда: Ош, Жалал-Абад, Баткен, Каракол, Нарын, Талас жана Бишкек шаарларында JIAнын, ЭКМнин, МСКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда маалыматтык жолугушуулар уюштурулду.

Катышуучулар эң актуалдуу салык маселелери жана бизнести текшерүүгө мораторий боюнча пайдалуу маалыматтарды жана билимдерди алышты.