Ошто Көчмөң форумунда 1 миллион доллардан ашык 45 келишимге кол коюшту

19-20- август Ош облусунун Сары-Ой капчыгайында ишкерлер үчүн "Көчмөн Бизнес Аянта - 2023" иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу JIA Бизнес ассоциациясы билдирди.

Иш-чара өлкөдөгү ийгиликтүү спикерлердин тажрыйба бөлүшүүсү, туризм багытында көргөзмө, улуттук оюндар, маданий бөлүктөр менен коштолду. Ошондой эле, ишкерлер ортосунду 45 кызматташуу жана сатып алуу келишимдери түзүлүп, алардын жалпы суммасы 1 000 000 миллион доллардан ашты.

Иш-чара өлкөнүн жети дубанынан жана Казакстан, Өзбекстандан 400гө жакын ишкерлер катышты. Аянтчада талкуулар жана жаңы таанышуулар катышкандардын  үчүн бизнес чөйрөсүн кеңейтти.

Жайгашкан жерине карабастан катышуучулар үчүн KIA EV6 электромобилинин чоң презентациясы өткөрүлдү.

Кыргыз улуттук оюндары, түрдүү тармактагы компаниялардын товарларынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн көргөзмөсү жана бизнес темасындагы спикерлер сөз сүйлөштү.