Бүгүн 1-августта JIA бизнес ассоциациясында КРнын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев мырза менен жолугушуу болуп өттү

Жолугушууда JIAнын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу ассоциация тууралуу маалымат берип, жашыл экономика багытындагы иштер тууралуу маалымат берди. Элчи мырза Германиядагы өнүккөн ишкердик, ассоциациялар, жумушчу күчтөр, жашыл экономика, мыйзамдар тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп өттү.

Кыргызстан менен Германиянын соода-экономикалык мамилелери, инвестициянын көлөмү аз. Себеби Кыргызстан чакан, эли азыраак өлкө катары каралат. Ошол эле маалда өлкөбүздө адам ресурсунун даремети жогору.

Элчи мырза Германиядагы компаниялар менен мамиле түзүүдө JIAнын ишкерлерине көпүрө болуп берүүгө даяр экенин белгиледи. 2023-ж. 8-ноябрында Гамбург шаарында өтө турчу Кыргыз-Герман Ишкердик кеңешинин экинчи отурумуна жана кыргыз-герман бизнес форумуна чакырып өттү.

JIAнын Башкаруу кеңешинин төрагасы Жоодар Омошов, Жашыл экономика комитетинин төрагасы Кубанычбек Алимов жашыл экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда Германиянын тажрыйбасын жайылтууну, немис ишкердик чөйрөсү менен тыгыз кызматташууну сунушташды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Германиядагы КРнын элчилиги менен JIA кызматташууну ар тараптуу уланта турган болду.