Бүгүн, 7-апрель күнү Кытай менен Кыргызстандын бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда B2B жолугушуусу болуп өттү

Иш чарага Кытайдан 14 ишкананын өкүлдөрү, анын ичинде Каши Синьцзян шаарынын элдик өкмөтүнүн мэри Ясэнцзян Яхефу, Кытайдын Элдик саясий консультациялык кеңешинин төрагасынын орун басары Мухэтар Айити жана Каши шаардык соода-өнөр жай палатасынын директору Ху Ян келди.

JIA резиденттери менен кытай ишканаларынын өкүлдөрүнүн ортосунда нетворкинг болуп, ишкерлер өз компаниялары тууралуу маалымат алмашып, жаңы таанышууларга ээ болушту.