Бүгүн айым ишкерлер үчүн жеке брендди өнүктүрүүнүн маанилүү темасына арналган иш-чара болуп өттү!

Иш-чаранын алкагында аткаруучу директор - Аззамбек Жээнбай уулу JIA Lady Club эми “Комитет” алкагында иш алып бара турганы жарыялады жана айымдар комитетинин төрайымын белгиледи.
Ал Шарбат Бекмаганбетова - айым-ишкер, ЖЧК «Ellipse & Alpha Genius» негиздөөчүсү.
Шарбат айым JIA Бизнес ассоциациянын 2023 жылдын планы менен бөлүштү.

Иш-чаранын максаты:
Айым ишкерлеринин мотивациясын көтөрүү
Айым ишкерлер жеке брендди кантип түзүп, өнүктүрүү керек жөнүндө маалымат алышты
Жагымдуу атмосферада пайдалуу убакыт өткөрүү жана жаңы маалыматка ээ болуусун камсыздоо болду
Гендердик облигация жөнүндө маалымат берүү